Тарых дүбүртү

...

«Биздин добуш» – бул шайлоолорго арналган проект.
Саясат - бул бөтөнчө бир тармак эмес, саясат- бул биздин жашаган ар күнүбүз, бизди курчап турган айлана. Ошондуктан,сабаттуу шайлоочу болуу биз үчүн абзел. Сенин добушуӊ эч нерсе чечпейт деп ойлобо! Жада калса 1% добуш башкы ролду чечиши мүмкүн, себеби ошол 1% добуштан Жогорку Кеӊешке бара жаткан партиянын тагдыры чечилет. Ар бир добуш маанилүү жана маӊыздуу.

...

Саясаттагы аялдын орду.
Аял заты чын чынына келгенде бүгүнку коомдун көйгөйлөрү менен тыгыз байланышта болушат . Алар үй-бүлөсү тууралуу, ата-энеси жөнүндө кам көрүшөт, үй тиричилига жана бизнес менен теӊ алек боло алышат. Аларга салык жана насыя маселери белгилүү. Эл журттун башына кандай гана күн келбесин, түйшүгүн аял зат тартып кете алат. Ошондуктан аял заты бүтүндөй мамлекетке кызмат өтөп,эл журтту, ата мурасын сактап кала алат.

...

Саясат аялдардын көзү менен.
Саясат аялдардын көзү менен - бул жогорку кызматтарда отурган “асмандагы иш” эмес. Бул күнүмдүк түйшүк жана кубаныч. Бул дени сак мектептер жана коопсуз көчөлөр. Саясатка аялдардын көзү менен караңыз - ошондо сиз бүгүн өлкө үчүн кандай чечимдер керек экендигин түшүнөсүз!

...

Өзгөрүүнүн баатырлары:
Апаат мезгидин баатырлары: Кыргызстандын аялдары өзүнүн укутары жана эркиндиги үчүн аябай оорчундуу жана татаал жолду басып өтүштү. Бирок бул жол аягына чыга элек.Ошол жолдун тегиз, маӊыздуу болушуна салымын кошкон улуу инсандарыбыздын айткандарын мурас кылып, туу тутушубуз керек. Ар бир тарых биз үчүн сабак!

...

Кондучалова Күлүйпа – Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер. Эмгек жолун жөнөкөй мугалимден баштап Кыргыз ССРнин тышкы иштер жана маданият министрине чейин көтөрүлгөн.Кыргыз мамлекетинин маданияты жана искусствосуна зор эмгек сиңирген ишмерлердин бири болуп саналат.

...

Клавдия Антипина- көркөм өнөр таануучу, тарых илимдеринин кандидаты. Антипина кыргыз колдонмо өнөрүн эң мыкты билген, изилдеген жана аны дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон этнограф. Ал «Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын жана колдонмо өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу илимий жактан өтө баалуу монографиянын (кийин ал эмгеги АКШда англис тилинде да чыккан), «Кыргыздын элдик өнөрү» жана башка эмгектердин автору. Ошондой эле «Дархан, Чычкан айылдарында жашаган колхозчу кыргыздардын үй тиричилиги» деген коллективдүү китепти жазууга катышкан. Клавдия Антипина тарбиялаган көптөгөн шакирттери бар.

...

Уркуя Салиева- Борбордук Азиянын мусулман аялдарынын теңдиги үчүн күрөшкөн чыгаан инсандардын сабында турат. Ал Совет бийлигин чыңдоого катышкан кыргыз кыз-келиндеринин алгачкы карлыгачы. Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген. Уркуяга арналып жазылган китептер, ырлар арбын. Төлөмүш Океев таркан «Уркуя» кино тасмасы Кыргыз кереметинин сап бышында турат.

...

Ишеналы Арабаев- Алгачкы “Алиппе” китебин жазып, улуттук алфавиттин уңгусун түзүп, кыргыз жазуу маданиятын калыптандыргандардын бири болгон Ишеналы Арабаев. Арабаев 1924-жылы түзүлгөн Кыргыз автономиялуу облусунун коомдук иштерине да өз салымын кошкон. “Эркин-Тоо” гезитин негиздөөгө катышып, анын биринчи санына агартуучунун калемине таандык макала чыккан. Элди караңгылыктан чыгаруу максатында араб арибинин негизинде туңгуч кыргыз алфавитин, “Кыргыз алиппесин”, грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, “Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени” жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде “Саамалык” аттуу китепчесин жазган. анда он бир сабактын үлгүсүн берген. Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердиги жалпы кыргыз элинин сабаттуу болуусуна өбөлгө болуп, ал жазган "Алиппе" улам жаңыланып олтуруп азыркы кезге чейин жеткен. Ишеналы Арабаевдин аты Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Окуу жайдын ичинде музей уюштурулуп, анда улуу инсандын эмгектери жана китептери коюлган.

...

Айша Тюменбаева- Ташкент менен Москва шаарынан Фрунзеге киночулар келип "Саябан араба" тасмасында башкы каармандын образын жаратууга кыз издешет. Режиссер 13 жаштагы чыйрак Айшанын дайынын угуп, Фрунзеден атайы Ысык-Көлгө издеп келет. Ошентип Айша кыргыздардан биринчилерден болуп кинодо башкы ролду жараткан. Актерлук билими жок болгонуна карабай, ал образды ийине жеткире ачып берген. Студент кыздын болочоктогу жолдошу түрколог Кусеин Карасаев 1930-жылы Ленинград шаарындагы окуусунан дипломдук ишин жазуу үчүн бошоп, Кыргызстанга келет. 29 жаштагы Кусеин жаш кезинде Айшанын атасынан сабак алып, анын үй-бүлөсүн жакшы таанычу. Бири-бирин жактырып жолугуп жүргөн жаштар бош кошуп, Ленинградга кетишет. Ал жактан Айша жумушчу факультетинин чыгыш бөлүмүн аяктайт. Кыргыз тилинин стенографиясынын теориясын иштеп чыгып, ал боюнча китебин окурмандарга сунуштайт. Кызыгы, Айша Карасаева ал эмгегин үйдө бала багып жүргөн кезинде жазган.

...

Кайназарова Зууракан - Социалисттик эгектин эки жолку Баатыры. 40 жылдай өмүрүн кызылчага арнап, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Анын күнү-түнү талаалап иштеп, көпчүлүк үчүн үлгү болгондугун шакирттери эскеришет. Кыйың кезеңде ал жыңайлак суу сугарып жүрүп 70 жашында буту ооруп баспай, 80 жашында көз жумган. Эмгекчилдиктин үлгүсү болгон Кайназарованын туулган күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери "Элеттик аялдардын күнү" катары белгиленип келет.

...

Ольга Мануйлова - Бишкектин скульптуралык-архитектуралык келбетин көркөмдөөдө Ольга Максимилиановна Мануйлованын эмгеги зор. Ал өз эмгектери үчүн Эл сүрөтчүсү наамына 1954-жылы татыктуу болгон биринчи скульптор аял. Ольга Мануйлова көптөгөн монументалдык, майда пластикалык иштери аялзатын даӊтап келет. Ольга Мануйлова улуттук маданияттын өсүүсүнө эбегейсиз салым кошкон.

...

Исхак Раззаков. Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун бүтүргөн. 1945-1950 — жылдарыКыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы; 1950 жылдан -1961 жылга чейин — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон; 1961 жылдан тартып — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы. Исхак Раззаков. Исхак Раззаков 1950-жылы Маяковский атындагы аялдар педогогикалык институтун ( И.Арабаев атындагы мамлекеттик университет) пайдубалын тургузган саясий инсандардын бири. Институт ишин алып баргандан баштап мамлекетибизде жогорку билимдүү мугалим кадрлар таярбиялана башташкан. Андан кийин институттун филиалдары Ош жана Прежевальскийде ачылган.Исхак Раззаковдун буйругу боюнча республикабызда: Илимдер академиясы, Мамлекеттик университет, Политехникалык институт, Дене-тарбия институту, Бишкек-Ош жолу ачылып ишке кирише баштаган.

...

Мамлекеттин тагдырана кайдыгер кароого сүйүү да тоскоол эмес! Добушуӊду сатпа! Карга болбой илип кетээр шумкар бол!

...

Акча бир колдон экинчи колго өтүп турат, бирок добушун саткандар үчүн эмес!

...

«Биздин добуш» – это проект посвященный выборам.
Политика – это не особая сфера деятельности только для посвященных. Политика – это, что нас окружает каждый день. Политика – это то, в чем мы живем. Поэтому для нас очень важно стать грамотными избирателями. Не верь, что от твоего голоса ничего не зависит! Даже 1% голосов порой может сыграть решающую роль в том, пройдет ли партия в Жогорку Кенеш. Каждый голос имеет значение.

...

Роль женщины в политике.
Женщинам по-настоящему близки проблемы современного общества. Они заботятся о детях и о пожилых, занимаются бизнесом и домашним хозяйством. Им знакомо бремя кредитов и налоговых выплат. И именно поэтому они смогут позаботиться обо всех и о каждом в своей стране, как заботятся о своих родных и близких.

...

Политика глазами женщин.
Политика глазами женщин – это не «работа небожителя», сидящего в высоких кабинетах. Это повседневные заботы и радости. Это здоровые школы и безопасные улицы. Посмотри на политику женскими глазами – и ты поймешь, в каких решениях страна сегодня нуждается больше всего!

...

Героини и герои перемен:
Женщины Кыргызстана прошли трудный путь, в борьбе за свои права и возможности, и этот путь еще далек от завершения! Можно с благодарностью оглянуться на тех, кто расчищал нам дорогу к равенству и внимательно всмотреться в их наследие. Сегодня оно для нас очень важно.

...

Кулуйпа Кондучалова. Эта женщина была выдающимся руководителем и служила примером для многих других. Она была одной из первых, кто показал, на что способна женщина- политик и как она может влиять на развитие страны. Начав свою карьеру учительницей, она впоследствии стала Министром иностранных дел и Министром культуры Киргизской ССР. Во многом благодаря ее усилиям культура Кыргызстана поднялась на новую ступень и стала популярной во всем мире.

...

Клавдия Антипина. Клавдия Антипина была выдающимся ученым этнографом, прославившим на все мир кыргызских мастериц. Она провела годы в экспедициях, изучая прикладное искусство кыргызов, их быт и традиции. Написала десятки книг и статей. А еще благодаря ей в Кыргызстане выросло поколение этнографов и историков, которые до сих пор вспоминают о том, какую огромную роль она сыграла в их профессиональном становлении.

...

Уркуя Салиева олицетворяет борьбу за свободу кыргызского народа. Совсем юной девушкой в 19 лет она становится одной из первых, кто организует колхоз и начинает активно помогать беднякам. Однако через пять лет она погибает от руки тех, кому не по душе были равенство и свобода для всех. О ней написаны книги и песни. Толомуш Океев снял о ней великое кино «Поклонись огню». И сегодня все, кто борется за равенство в нашей стране, берут с нее пример, стараясь быть такими же бесстрашными и бескомпромиссными борцами, как Уркуя.

...

Ишеналы Арабаев. Великий кыргызский педагог, автор первого кыргызского букваря. После революции он создал выдающийся учебник для ликвидации безграмотности, благодаря которому люди не только учились читать и писать, но и получали основы научных знаний и навыки критического мышления. Но кроме этого он был одним из первых серьезных методистов в республике, оказавшим влияние на рождение профессиональной педагогики в Кыргызстане. Будучи выдающимся просветителем, выступал за доступное образование для всех. Многие поколения учительниц страны окончили женский педагогический институт, который сегодня носит его имя.

...

Айша Тюменбаева. Эта юная красавица не только была первой женщиной, осмелившейся сыграть главную роль в кыргызском кино («Крытый фургон», 1927 год). Она была еще и выдающейся ученой-тюркологом. Стлала автором первого в тюркоязычном мире учебника стенографии, который был издан в 1960 году. Разработала методику изучения и преподавания стенографии кыргызского языка. Именно она была постоянным редактором всех научных работ своего мужа Кусеина Карасаева, во многом обеспечив ему возможность выдающейся научной карьеры.

...

Зууракан Кайназарова. Знаменитая рекорсдменка-свекловечница, которае выращивала и собирала урожаи, превышавшие обычную норму больше, чем в два раза. Она не только ударно трудилась. В своей семье она принимала и растила детей-сирот, которых в те годы было немало. Ее трудолюбие, энергия и доброта стали легендой, которая вдохновляла других женщин.

...

Ольга Мануйлова. Знаменитый советский скульптор, она работала в жанре монументалистики, который считается «неженским». Образы кыргызских женщин, созданные Мануйловой прославляли и вдохновляли людей на великие дела, помогали увидеть величие повседневного труда и важность обычного человека.

...

Исхак Раззаков. Это тот политик, благодаря которому было принято решение об открытии Женского педагогического института им. В.В. Маяковского в 1950 году (ныне Государственный университет имени И. Арабаева). В школы республики пришли учительницы с высшим образованием, поскольку вскоре после этого открылись и педагогические вузы в регионах (Оше и Пржевальске). Он родился в 1910 в глубинке Баткенской области и вырос без родителей. Через 40 лет он возглавил Кыргызскую ССР, а с 1961 года работал в Совете Министров СССР. При нем строились заводы и дороги, но не только. Благодаря его усилиям помимо высших педагогических учреждений были открыты: Академия наук Киргизской ССР, Киргизский государственный университет, Политехнический институт, Киргизский институт физической культуры, множество научных и просветительских учреждений.

...

Даже большая любовь не стоит того, чтобы рисковать будущим страны и продавать свой голос! Не будь как Русалочка – не продавай свой голос никому и ни за что!

...

Через них деньги переходят из рук в руки, но не в грязные руки тех, кто торгует голосами!